Чын курандын 21, 2025
Убакыт: 05:55
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине жаңы директор дайындалды

17.02.2024 10:27
428
Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине жаңы директор дайындалды


Алмазбек Примов министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы. 

"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР онституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Примов Алмазбек Абдыакимович министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигин Канатбек Тургунбеков жетектеп келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн