Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 14:40
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Мамлекеттик, муниципалдык мейманканага казино ачууга уруксат берүү сунушталды

22.10.2024 12:39
23
Мамлекеттик, муниципалдык мейманканага казино ачууга уруксат берүү сунушталды


Казино, букмекерлерди мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги мейманкана комплекстерине жайгаштырууга уруксат берүү сунушталууда.


Экономика жана коммерция министрлиги "КРдин оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамынын 13-беренесинин 3-бөлүгүн, тагыраагы, "оюн-зоок жайларды мамлекеттик же муниципалдык менчик болуп саналган кыймылсыз мүлк объектилеринде, ошондой эле капиталында мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үлүшү бар ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кыймылсыз мүлк объектилеринде жайгашууга тыюу салынат" деген норманы алып салууну сунуштаган.


Аталган мыйзамдын 13-беренесинин 2-бөлүгүндө оюн-зоок жайлары мейманкана комплекстеринде, ресторандар менен биргеликте жайгашышы керектиги жазылган. Демек, кеп мамлекеттик, муниципалдык же алардын үлүшү бар мейманканалар тууралуу болуп жатат.


Мыйзам долбоорунун негиздемесинде максат туристтерди тартуу жана республикалык бюджетке кирешени көбөйтүү экени айтылган. Ошондой эле өлкөдө казино иштетүүгө үч, букмекердик кеңсеге төрт лицензия берилип, мындан 252 миллион сом түшкөнү белгиленген. Мындан тышкары, 2023-жылы оюн-зоок ишмердигинин субъектилери 118,5 миллион сом салык төлөшкөн, ал эми 2024-жылдын 9 айында бул сумма 208,7 миллион сомго жеткен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн