Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:12
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Мамлекеттик органдар адаттагыдай иш графиги менен иштешет

22.03.2020 12:56
681
Мамлекеттик органдар адаттагыдай иш графиги менен иштешет


Мамлекеттик органдар адаттагыдай иш графиги менен иштешет. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан кабарлады.


Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине карабастан, калкка ыңгайлуулук түзүү үчүн мамлекеттик органдар көнүмүш иш графиги боюнча иштешет.

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы, калкты тейлөө борборлору (КТБлар) график боюнча иштейт:

Дүйшөмбү-жума – саат 09:00дөн 18:00гө чейин.

Кичи-калкты тейлөө борборлору - шейшемби-жекшемби күндөрү 

- саат 10:00дөн 19:00гө чейин.

“Уна” мамлекеттик ишканасы (авто-КТБ) дүйшөмбү-жума күндүрү

 - саат 09:00дөн 17:00гө чейин.

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы улуу курактагы кызматкерлерге өргүү күндөрүн берүүнү пландап жатышат. 

Ар бир мекемелерде күн сайын санитардык тазалоо жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.  


Эскерте кетсек, 22-марттан тартып республикада өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн