Бугу 06, 2024
Убакыт: 14:05
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Мамлекеттик тил күнүнө карата ИИМдин өздүк курамынын куттуктоосу

23.09.2020 09:53
1308
Мамлекеттик тил күнүнө карата ИИМдин өздүк курамынын куттуктоосу


Ички иштер министрлигинин өздүк курамы кыргызстандыктарды 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. 


"Урматтуу мекендештер! Сиздерди эне тил майрамы менен чын дилибизден куттуктайбыз. Кыргыз тили байыркы тил катары да, эң бай тил катары да дүйнөдөгү алдыңкы тилдердин жогорку сабында экенин сыймыктануу менен айтып келебиз. Бул тарыхый чындык. Биздин ата-бабалар кыргыз тилин өнүктүрүп өстүрүп дүйнөдө теңдеши жок «Манас» эпосун жараткан деңгээлге жеткирип, бизге мурас кылган. Эми биздин милдетибиз кыргыз тилин илимде да, техникада да, философияда да, саясатта да татыктуу колдонулган заманбап тилдердин катарына кошуп, аздектеп өнүктүрүп, өстүрүп келечек муунга жеткире алсак, келечек муундарыбыздын алдында жүзүбүз жарык болот. Эмесе кымбаттуу кесиптештер, ардактуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү Мамлекеттик тил  күнү менен дагы бир ирет куттуктайбыз!", - деп айтылат ИИМдин өздүк курамынын куттуктоосунда. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн