Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

«Манас» аэропорту жыл башынан бери 1,3 млн жүргүнчүнү тейледи

20.07.2023 16:52
296
«Манас» аэропорту жыл башынан бери 1,3 млн жүргүнчүнү тейледи


«Манас» эл аралык аэропорту 2023-жылдын 6 ай аралыгында 1 млн 328 миң 821 жүргүнчүнү тейлей алды.

Өлкөнүн башкы аба майданынан кабарлашкандай, ички авиакомпанияларда жүргүнчүлөрдү ташуу 358 миң 708 адамды, эл аралык каттамдарда 970 миң 113 жүргүнчүнү түздү.

«Өткөн жылга салыштырмалуу жүргүнчүлөрдү ташуу 12,2% өстү. Белгиленген мөөнөттө «Манас» эл аралык аэропортунда 11 090 каттам аткарылды»", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында «МЭА» ААКтын жалпы жүргүнчүлөрүнүн агымы 2,5 млн адамдан ашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн