Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 09:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

«Манас» аэропортунда Абу-Дабиден биринчи каттамды суу аркасы менен тосуп алышты

02.06.2023 17:01
366
«Манас» аэропортунда Абу-Дабиден биринчи каттамды суу аркасы менен тосуп алышты


Кечее, 1-июнда Абу-Даби - Бишкек - Абу-Даби багыты боюнча Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясынын биринчи үзгүлтүксүз каттамы учуп келди.

"Манас" эл аралык аэропортунан" билдиришкендей, эми жүргүнчүлөр Бириккен Араб Эмираттарынын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат.

Каттамдын салтанаттуу ачылышында "МЭА" ААКнын аткаруучу директору Мирлан Кубаталиев белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарынын учуу географиясынын кеңейиши Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулаткан маанилүү окуя болуп саналат.

Wizz Air Abu-Dhabi компаниясынын башкы директору Йохан Айдхаген өз кезегинде жумасына 3 каттамдын ачылышы башталышы гана экенин, жакынкы арада каттамдардын санын көбөйтүп, аларды күн сайын ишке ашырууну пландап жатканын кошумчалады.

Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы Абу-Даби - Бишкек - Абу-Даби багыты боюнча каттамдарды жумасына 3 жолу - шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү ташыйт.

Учуу убактысы 4 саат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн