Президент Садыр Жапаров “Манас” эпосу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 26-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзам “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 жарлыгын ишке ашыруу жана материалдык эмес маданий мурас чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди өркүндөтүү максатында кабыл алынган.
Мыйзам менен “Манас” эпосунун үчилтигин жазып алуу, сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо, жайылтуу, коргоо жана контролдоо жаатындагы мамлекеттик иштер каралган, алар:
– “Манас” эпосун салттуу баяндоонун алкагында чебер аткарган манасчылардын чыгармачылыгын ар тараптуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
– салттуу баяндоонун алкагында оозеки же жазуу формасында берилген “Манас” эпосунун үчилтигин жана башка бөлүктөрүн окутуу, үйрөтүү жана ал боюнча илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле экспедициялык жана практикалык иштерди уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
– эпосту салттуу айтууну өркүндөтүү, салттуу баяндоонун алкагында айтуучулардын чебер аткаруусунун улантуучулугун камсыз кылуу максатында манасчылар мектептерин түзүү;
– “Манас” эпосунун үчилтигин окутуп үйрөтүү максатында билим берүү уюмдары үчүн окуу программаларды, окутуу-усулдук жана көрсөтмө куралдарды билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарына ылайык иштеп чыгуу;
– Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларында “Манас” эпосунун үчилтигин окутуп үйрөтүү;
– “Манас” эпосунун үчилтигинин классикалык жана башка варианттарынын тексттерин баяндоодо жана башка тилдерге которууда анын идеяларынын жана идеологиясынын бурмаланышынан, жок кылуу аракеттеринен, мазмунун өзгөртүп жиберүүдөн коргоо жана салттуу баяндоонун алкагын сактоо боюнча чараларды контролдоо;
– “Манас” эпосунун үчилтигине таандык байыркы кол жазмалар, даректүү материалдар, археологиялык табылгалар табылган учурда аларды изилдөө, сактоо, коргоо жана эсепке алуу;
– “Манас” эпосунун үчилтиги менен байланышкан эстеликтердин, музей баалуулуктарынын, адабий жана көркөм чыгармалардын жана башка баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу;
– “Манас” эпосунун үчилтигинин тексттерин, кол жазмаларын жана анын башка бөлүктөрүн алардын сакталышын камсыз кылуучу ченемдерге ылайык сактоо;
– башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан, “Манас” эпосунун үчилтиги менен байланышкан объекттерди коргоо жана сактоо, ошондой эле “Манас” эпосунун үчилтигинин мазмунунун өзөгү менен окшош жана салттуу баяндоонун алкагында оозеки айтылган же жазылып калган кол жазмалардын тексттерин жана башка маданий-тарыхый баалуулуктарды эсепке алуу, сактоо жана аларды Кыргыз Республикасына кайтарууну уюштурууну камсыз кылуу;
– “Манас” эпосунун үчилтиги менен байланышкан Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын анын чегинен тышкары жерлерде коргоо;
– “Манас” эпосунун үчилтигин ар тараптан окутуп үйрөтүү жана жаш муундарды тарыхый-маданий мурастардын баалуулуктарына тартуу үчүн шарттарды түзүү.
Мыйзам менен, ошондой эле “Манас” эпосунун үчилтигинин классикалык варианттары болуп манасчылар Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин айтуусундагы варианттары саналат деп бекитилген.
Андан тышкары, мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана менчиктин башка түрлөрүндө турган объекттердин жана алар тарабынан чыгарылуучу продукциянын аталыштарында “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын пайдаланууга министрлер кабинети тарабынан белгиленген тартипте уруксат берилет деп белгиленген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн