Бугу 13, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

“Биримдик” бийликтин партиясыбы? Марат Аманкуловдун жообу

28.07.2020 22:06
1552
“Биримдик” бийликтин партиясыбы? Марат Аманкуловдун жообу

Парламенттик шайлоо жакындап калды. Маалыматтык аянтчада каршылаштардын беделин түшүрүү аракеттери ачык формада кабыл алынаары айкын сезилип баштады.

«БеспределKG» группасынын администратору Афтандил Жоробеков «Биримдик» саясий партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун Vesti.kg сайтына берген маегинин үзүк вариантын жарыялаган.

Видео жаздырууда депутат мындай фразаны келтирет: «Жеке мен, «Биримдик» партиясы президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбековдун саясатын колдойбуз. «Биримдик» партиясы бийликтин партиясы».

Бирок белгилеп кетүүчү жагдай, маектин баштапкы вариантында мындай деп айтылат:

«Биримдик» партиясынын айланасында ушактар көп, бирок алардын бардыгы калп. Биз азыр жергиликтүү кеңештерди шайлоо өтүп жаткан беш шаарда конференцияларды өткөрүп жатабыз жана бизге берилген суроолордун көбү – бийликтин партиясы деген сөздөр чынбы? деген суроо”.

Жок, бийликчил партия эмес.

Жеке өзүм жана “Биримдик” партиясы президент Сооронбай Шарипович Жээнбековдун саясатын колдойбуз. Бирок мен айтып өткөндөй, биздин партия – идеократиялык партия. Бизди бириктирип турган негизги күч евразиялык жана демоктратиялык социализм идеялары болуп саналат. Эгерде президент бул идеяга кошула турган болсо, анда сиз президенттик партия деп тайманбай айтсаңыз болот. Эгерде биздин идеяны мугалимдер жана дарыгерлер колдосо, анда биздин партия мугалим, дарыгерлердин партиясы. Ал эми куруучулар колдосо, демек куруучулардын партиясы. Биз муну менен биримдиктүү күч болууну каалайбыз жана бул кадамга бара тургандай шартыбыз бар.

Марат Аманкулов менен болгон маектин толук версиясы тууралуу Vesti.kg сайтынан таанышсаңыз болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн