Бугу 01, 2024
Убакыт: 23:34
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Марат Иманкулов ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйынына катышты

30.03.2023 11:21
211
Марат Иманкулов ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйынына катышты

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 29-мартта Нью-Дели шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 18-жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.


Марат Иманкулов өз сөзүндө ШКУнун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үзгүлтүксүз жолугушуулары мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу үчүн реалдуу практикалык мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.


Туруктуу иштеген органдардын активдүүлүгү жана ШКУнун бардык механизмдерин тартуунун аркасы менен, КР Коопсуздук кеңешинин катчысы белгилегендей, Индия Республикасынын 2022-2023-жыл аралыгындагы төрагалыгы учурунда кандайдыр бир өлүмгө алып келген окуялардын өнүгүшүнө жол берилген жок, тескерисинче, тобокелдик факторлорунун агрессивдүү таасирине мамлекеттердин каршылык көрсөтүү деңгээлинин системалуу түрдө жогорулашы байкалууда – буга ШКУ өлкөлөрүнүн тилектештиги жана өз ара түшүнүүсү жардам болууда.


Марат Иманкулов ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, өз позицияларын салыштырып, жакынкы келечекте коопсуздук чакырыктары жана коркунучтары менен күрөшүү жаатындагы биргелешкен кадамдарды макулдашууну сунуштады.


ШКУнун алкагында Марат Иманкулов Индия, Россия жана Тажикстандан келген кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, анда аймактык коопсуздук жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Индия тарап менен кызматташууну кеңейтүү контекстинде “Кыргызстан-Индия” диалогунун экинчи раундун 2023-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн