Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов БШКнын серверинде фальсификация эмес, техникалык ката бар деп кепилдик берүүдө, андай болбосо кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди.
29-ноябрда КТРКнын түз эфиринде бул маселеге президент Садыр Жапаров да кызыкдар экенин айтты.
"Президент бүгүн адистерди кабыл алды. Ошондо мен ошол жерде болдум. Ал бир-эки күндүн ичинде маселени чечүү үчүн IT-адистерин, утулган тараптардын өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди чакыруу тапшырмасын берди. Ал эми УКМК бул атайын жасалган эмеспи текшерип чыгат. Эртең биз иликтеп, коомчулукка маалымдайбыз», - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн