Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 20:35
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Марат Иманкулов "Коопсуздук боюнча Исламабад диалогу" конференциясына катышты

02.04.2022 11:15
906
Марат Иманкулов "Коопсуздук боюнча Исламабад диалогу" конференциясына катышты

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Пакистандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Моид Юсуфтун чакыруусу менен "Коопсуздук боюнча Исламабад диалогу" конференциясынын 2-сессиясына видео байланыш форматында катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.


Иш-чарага ошондой эле Казакстандын, Катардын, Кытайдын, Пакистандын, Сауд Аравиясынын жана Өзбекстандын коопсуздук кеңешинин катчылары катышты.


Азиядагы коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча жемиштүү пикир алмашуу болду. Ошону менен бирге Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин учурдагы жаңы коркунуч жана чакырыктарга өз убагында жана натыйжалуу реакция кылуусу боюнча өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуунун актуалдуу багыттары талкууланды.


Марат Иманкулов белгилегендей, бир дагы өлкө өз алдынча заманбап глобалдык чакырыктарды жеңе албайт. Ал дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаал мамлекеттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү, бул ишке системалуу жана комплекстүү мамиле кылуу зарылдыгын түздөн-түз көрсөтүп жатканын баса белгиледи.


“Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун форматына катышууга өзгөчө маани берет. Биздин мамлекет ШКУнун олуттуу ыйгарым укуктары жана чоң таасир чөйрөсү бар эл аралык институт катары потенциалын мындан ары жогорулатуу боюнча бекем позицияны карманат”, - деп белгиледи КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн