Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 20:33
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Марипов: 2021-жылы санариптештирүүнүн бардык компоненттери толук иштеши керек

07.03.2021 16:01
598
Марипов: 2021-жылы санариптештирүүнүн бардык компоненттери толук иштеши керек

2021-жылы санариптештирүүнүн бардык компоненттери киргизилип жана тиешелүү аналитикалык системалар менен толук кандуу ишке берилүүгө тийиш. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов салык жана бажы процедураларын санариптештирүү маселелерин талкуулоо боюнча жыйында билдирди.


Өкмөт башчы бажы тармагын санариптештирүү боюнча анчалык канааттандырарлык эмес иштерди белгилеп, бул жаатка өзгөчө басым жасаларын баса көрсөттү.


«Салык жана бажы процедураларын санариптештирүү бир нече жыл мурда башталган жана биз бул маселеде белгилүү бир натыйжага жетиштик. Бирок ошону менен бирге иште кетирилген бир катар каталыктар жана кемчиликтер бар. Бул жол-жоболорду санариптештирүү боюнча бардык иш-чараларды коррупциялык тобокелдиктерди жоюунун жана бюджетке түшүүлөрдүн көбөйүшүнүн, ак ниет салык төлөөчүлөрдү жана калкты контрафакттык продукциядан коргоонун, көмүскө экономиканын үлүшүнүн жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө берүүнүн көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен ыкчам тартипте жүргүзүү зарыл», - деди ал.


Улукбек Марипов системалык негизде Салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин ишин жандандыруунун маанилүүлүгүн да белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн