Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Марипов: Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына зор белек кылдыңыздар

03.08.2021 20:19
883
Марипов: Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына зор белек кылдыңыздар

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов XXXII жайкы Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрүн – грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалдын ээси Акжол Махмудовду жана аялдар күрөшүндө коло медалды жеңип алган Мээрим Жуманазарованы куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


«Мен үчүн биздин спортчуларыбыздын опимпиадалык жеңиштеринин күбөсү болуу чоң сыймык. Сиздер өз мекениңиздердин Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата мыкты белек кылдыңыздар. Биз сиздер менен сыймыктанабыз, өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болдуңуздар. Сиздерге өлкө желегин жогору желбиретип, мекендештерибизге жаркын маанай тартуулаганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем!», – деди Улукбек Марипов.


Ошондой эле ал Айсулуу Тыныбекованы ишенимдүү түрдө финалга чыгуусу менен куттуктап, алдыдагы таймашта жеңишти багындырусун каалады.


«Бүтүндөй өлкө финалдык таймашты чыдамсыздык менен күтүүдө. Биздин күйөрмандардын колдоосу сизге дем-күч жана ишеним берсин, Айсулуу», – деп жыйынтыктады Марипов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн