Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Марипов кеткени менен суу маселеси чечилип калбайт, - Кожобек Рыспаев

17.06.2021 15:10
1422
Марипов кеткени менен суу маселеси чечилип калбайт, - Кожобек Рыспаев


Сугат суу маселеси 1-2 күндө чечилиши керек. Бул тууралуу депутат Кожобек Рыспаев бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында ЖКнын Агрардык саясат боюнча комитетинин отурумунда билдирди.


"Панфилов жана Жайыл райондорундагы сугат суу маселелери. Бир айдан же 15 күндөн кийин эл сууга муктаж болбой калат. Алар жүгөрү жана кызылча күйүп кетишинен коркушат. Кеминден баштап, тууралоо керек. Бул У.Марипов кетсе, маселе чечилет деген сөз эмес. Суроону биротоло койсок, канча күндөн кийин суу маселесин чечесиз? Суунун тартыштыгын бири-бирибизге кыйкырып чечпейбиз. Бири-бирибизди кыйкырып, сындоо менен биз баркыбызды жоготобуз. 2 райондун маселесин чечүү үчүн канча күн талап кылынарын айтып бериңиз", - деди эл өкүлү.


Мамлекеттик суу чарба агенттигинин башчысы Алмазбек Сокеев саат 7де бардык акимдер катышкан штаб болот деп жооп берди.


"Кечки саат 8ден таңкы 9га чейин жабсак, ал Панфилов районуна 1 күндө жетет, андан кийин күн сайын ушундай кылып турабыз", - деди ал.


Депутат Жайыл районундагы маселени да чечүү керектигин эскертти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн