Facebook компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг компаниянын ишинин үзгүлтүккө учурашынан улам 6 миллиард 600 миллион доллар кирешесин жоготту. Мунун менен ал миллиардерлердин тизмесинде 6-орунга жылып кетти. Бул тууралуу "Forbes" журналы эсептеп чыкканын чет элдик басылмалар жазышты.
Журналдын маалыматына караганда, Марк Цукербергдин байлыгы 5,4 пайызга же болбосо 6 миллиард 600 миллион долларга азайып кеткен. Учурда калган байлыгы 116 миллиард 100 миллион долларды түзүп турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн