Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 03:12
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Маркум Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган клип жарык көрдү (видео)

03.09.2020 15:47
4956
Маркум Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган клип жарык көрдү (видео)


Белгилүү журналист, маркум Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган ырчы Айгерим Эшимдин  аткаруусундагы "Ак толкундар" аттуу ырына тартылган клип жарык көрдү. Ырчы  Айгерим Эшим “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдиргендей, ырдын сөзү, обону да ырчыга таандык.


Анын айтымында, клипте Улан Эгизбаевдин ролун Замир Жашасын уулу, ал эми маркумдун жубайы Сапаргүлдүн ролун Насипа Алиева аткарган. Сценарийин Элзар Тиленбаев жазган.


"Башынан эле Уланбек Эгизбаев агабызды аябай сыйлачумун. Анын жубайы Сапаргүл эже ырды угуп, аябай ыйлаптыр. Ошондо менде идея жаралган. Ушундай мыкты адамдын элесине арнап клип тарканыбызга абдан кубанып отурабыз. Бир чети аны жоготконубуз абдан өкүнүчтүү, албетте. Эми клип элдин жүрөгүнөн түнөк табат деген ишенимдемин",- деп билдирди Айгерим Эшим. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн