Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Марлен Маматалиев Бишкекте жол киренин көтөрүлүшүнө каршы чыкты

12.10.2022 11:46
329
Марлен Маматалиев Бишкекте жол киренин көтөрүлүшүнө каршы чыкты

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев жол кирени көтөрүүгө каршы чыкты.


"Биз Жогорку Кеңештин өткөн жана азыркы чакырылышындагы депутаттар Бишкекте жол кире көтөрүлбөсүн деп эл аралык уюмдардан дээрлик 100 миллион доллар каражатты ратификациялап бердик.

Али автобустар алына элек мэрия жол кирени көтөрүүнү пландап жатыптыр.

Бул болбогон нерсе. Биз бир тараптан айлыктарды көтөрдүк деп экинчи жактан жол кирени көтөрүш керекпи? Ансыз да азык-түлүк кымбат болуп жатат",- деди депутат.


Маматалиев президенттин өкүлүнө кайрылып, мэрия долбоорду жокко чыгарылышын талап кылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн