Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 22:01
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Марлен Маматалиев ишенимден кеттиби? “Бөрү баласы ит болбойт” дейт

11.01.2022 11:59
1239
Марлен Маматалиев ишенимден кеттиби? “Бөрү баласы ит болбойт” дейт


Башынан эле “Ынтымак” партиясы өздөрүн бийликчил катары аташып, “куюшканга кыпчылгандай” аракеттерин көрө башташкан. Төбөлдөргө жакын адамдарды катарларына тизишип. Баары белгилүү да. Бирок, эшеги суудан өткөн соң, партия лидери Марлен Маматалиев кичине моюн толгоп, кыр көрсөтүүгө аракет кылганы, бул жагынан “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевден кагуу жегени тар чөйрөдө кызуу талкууга алынган кербези. Эми да Маматалиев кежирлик кыла турган болсо, анда УКМКга сүйрөлүп кетери айтылууда. Сыягы, коомчулук билбеген келишпестиктер арбын. Акыры ачыкталат эмеспи. “Бөрү баласы ит болбойт” дегендей, айрым таасирдүү фигураларга Марлендин тыңсынганы жакпай калып, көзөмөлгө алынганы жашыруун деле эмес. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн