14-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев Бишкек шаардык кеңешинин “Ынтымак” фракциясынын депутаттары менен жолугушту. Жолугушууда, шаардык кеңешке аттанган “Ынтымак” партиясынын программасын ишке ашыруу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Марлен Маматалиевдин айтымында, партиянын программасынын ар бир бөлүгү сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткарылышы үчүн бардык күч-аракетти жумшоо зарыл.
Айрыкча мектеп окуучулары үчүн коомдук транспорттогу жол кире маселеси тууралуу сөз болуп, төлөмдү 10 сомго чейин түшүрүү зарылдыгы айтылды.
Ошондой эле, борбор калаага жабык айнек аялдамаларын орнотууга багытталган “Ыңгайлуу аялдамалар – ыңгайлуулук жана коопсуздук” долбоорун кеп кылды.
"Мэрия менен бул багытта иш алып барышыбыз керек, алар алгачкы этапта бир аялдаманы аныктап, аны айнек менен жабышы зарыл. Бул үчүн бизнес коомчулугу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, каражат табууга болот. Ал коомдук транспорттун заманбап аялдамасынын үлгүсү болуп калат”,-деди Марлен Маматалиев.
Мындан тышкары, Бишкекти жашылдандыруу маселесине да көңүл буруп, «Чатырларды жашылдандырууга болот. Пилоттук долбоор катары жеке же муниципиалдык болобу, бир көп кабаттуу үйдү алып, биргелешип чатырын жашылдандыруу керек», - деп кошумчалады фракция лидери.
Өз кезегинде Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешов «Ынтымак» фракциясынын аткарган иштери боюнча отчетун берди. Ал белгилегендей, 2021-жылдын сентябрынан тартып фракциянын 16 жыйыны өтүп, жарандардын кайрылууларынын 70%ы аткарылган.
Сөзүнүн аягында Марлен Маматалиев парламенттеги жана Бишкек шаардык кеңешиндеги «Ынтымак» фракциялары биргелешип иштеши керектигин кошумчалап: «Биздин милдет – ар бир убаданы аткаруу», - деди.
Пикирлер (1)