Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев шайлоого катышууну жакшыртуу үчүн лотерея ойнотууну сунуштады.
Эл өкүлү сунуштаган мыйзам долбоорунун негиздемесинде соңку шайлоолорго катышуу 20-30 пайыздын тегерегинде болгону жазылган.
"Өздөрү шайлоого катышпай, бирок анын натыйжасына нааразы болгондор кездешүүдө. Мындан улам шайлоого катышпагандарга айып салуу каралды. Бирок андан көрө шайлоо күнү лотерея ойнотуп, жарандарга стимул берүүнү сунуштадык. Анда батир, унаа, тиричилик техникалары коюлуп, ошол күнү жыйынтык чыгаралы деген ниет", — деди Маматалиев.
Ошондой эле мыйзам долбоорунда шайлоо укугун так аткаргандарга айрым жеңилдиктерди берүү, алар министрлер кабинети тарабынан аныкталары белгиленген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн