Бишкекте көчөдө 30 жаштардагы киши каза болду. Бул тууралуу "Кактус.медиа" кабарлады.
Маалыматка караганда, каза болгон жаран жумушка бара жаткан.
"Бишкекте 111-маршрутканын жүргүнчүсү капыстан өзүн жаман сезип, эстен танган. Аны маршруткадагы адамдар көчөнүн жээгине алып түшкөн. Окуя болгон жерге милициянын кайгуул кызматы келген. Тез жардам 25 мүнөттөн кийин келгенде жаран каза болгону аныкталган.
Милициянын кайгуул кызматы жарандын жакындары менен байланышып, аны экспертизага алып кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн