Бугу 02, 2024
Убакыт: 22:36
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Мас абалында 49 жаштагы аялды өлтүргөн жаран кармалды

06.09.2021 09:35
635
Мас абалында 49 жаштагы аялды өлтүргөн жаран кармалды

6-сентябрда киши өлтүрүүгө шектүү жаран Октябрь райондук милициясы тарабынан кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 3-сентябрда Көк-Жар конушунда күч менен өлтүрүлгөн аял тууралуу милицияга маалымат түшкөн.


Ыкчам чара көрүү үчүн милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барган. Күч менен өлтүрүлгөн аял 1972-жылы төрөлгөн М.З. болуп чыккан.

6-сентябрда аялды өлтүрүүгө шектүү катары 1991-жылы туулган И.Э. аттуу жаранды кармаган. Ал күнөөсүн мойнуна алып, ал күнү мас болгонун жана аял менен жаңжалдашып кеткенден кийин мойнуна урган.


Аял ошол жерде жан берген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн