Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 00:20
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Мас болуп кармалган айдоочунун маселесин чечип берем деп, акча алган жалган милиция кармалды

Мас болуп кармалган айдоочунун маселесин чечип берем деп, акча алган жалган милиция кармалды

 

Мас болуп кармалган айдоочунун маселесин чечип берем деп, акча алган  жалган милиция кармалды. Бул ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, 11-августа ИИМдин Ички иликтөө кызматына Сокулук районунун тургуну З.К. арыз менен кайрылган, анда ички иштер министрлигинде иштеген “Назира” аттуу кызматкерине чара көрүүнү суранган, себеби ал ушул жылдан төртүнчү августунда мас абалында унаасын башкарып жүрүп кармалып Бишкек шаардык ички иштер Башкы башкармалыгына караштуу айып короосуна автоунаасы токтотулган.  


Анан ушул ишти оң тарапка чечип берем деп 30 000 (отуз миң сом) акча каражатын алып, бирок айтылган убадасын аткарбай ар кандай шылтоолор менен качып жүргөндүгүн билдирген. 


Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза Кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон жана атайын ыкчам-иш чара жүргүзүлгөн.


2022-жылдын 16-августунда саат 15:50 чамасында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Бишкек шаарынын Тыналиев жана Түштүк-Магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Глобус” соода түйүнүн астынан арыз ээси З.К.га мурда алган 30 000 сомдун 16 000 сомун кайтарып берип жаткан учурда, Бишкек шаарынын тургуну 40 жаштагы Назира С. кармалып, далил буюмдар жана акча каражаттар алынды. 



Азыркы учурда кылмышка шектүү катары кармалган Н.С. милицияда тап-такыр иштеген эмес. 

Учурда кармалган Н.С. ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди жана тергөөгө тиешелүү иш чаралар жүргүзүлүүдө. 



Эгерде кимдир бирөөлөр жогоруда кармалган кылмыш шектүү жарандан кандайдыр бир алдамчылыкка же кылмышка дуушар болгон болсо ички иликтөө кызматына төмөнкү телефон номери аркылуу 0500-892-344 чалып кайрылыңыздар. 

Себеби кармалган жаран ушул сыяктуу бир катар алдамчылыкка шектелип жатат. 

Сиздердин арыз кайрылуууңузду угуп тиешелүү жардамдарын көрсөтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн