Бугу 16, 2024
Убакыт: 09:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Масадыков: Коррупционерлер менен күрөшүүнүн эки гана жолу бар (видео)

02.07.2021 09:51
658
Масадыков: Коррупционерлер менен күрөшүүнүн эки гана жолу бар (видео)


Коррупционерлер менен күрөшүүнүн эки гана жолу бар. Мындай пикирин Таалатбек Масадыков Майраш Базлакунова менен болгон маегинде билдирди.


Маек учурунда Масадыков коррупционерлер менен күрөшүүнүн эки жолун айткан.


"30 жылдан бери саясатта жүргөн адамдардын баары коррупцияга илешип калган. "Мен тазамын" дегендер да бар. Бирок алар деле ошо коррупциялык схеманын ичинде жашап келди.


Эми азыр коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз десе, бул саясатчынын колдоочулары бар, тарапташтары бар, туугандары бар. Аларга жакшылык кылган алар анын күнөөсүз экенин айтышып чыгып жатат. 

Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн эл өзү даяр болуш керек. Бул биринчи жолу. Коррупционер анын бир тууганы болобу, досу болобу айырмасы жок.

Экинчи жолу буга чейинки бардык коррупционерлерди кечирүү. Канча жеген болсо болсун. Мында нөлдөн башташ керек",- деди Масадыков.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн