Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 15:10
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Массалык башаламандык уюштурууга шектелип 22 саясатчы жана активисттер кармалды (тизме)

24.10.2022 10:09
513
Массалык башаламандык уюштурууга шектелип 22 саясатчы жана активисттер кармалды (тизме)

Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, бир канча саясатчы, активисттерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренелери менен («Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу») кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.


23-октябрдын таңында 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абадды коргоо комитенин бардык мүчөлөрүнө күч кызматкерлери тинтүүгө келгенин айткан. Анын негизинде төмөнкү саясатчылар жана активистер кармалган.


48 саатка кармалгандар: Таалай Мадеминов, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Кубанычбек Кадыров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Рита Карасартова, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Нурлан Асанбаев, Гүлнара Журабаева, Равшан Жээнбеков, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова, Чыңгыз Капар, Али Шабдан уулу, Талант Эшалиев, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов.


Ал эми экс-депутат Канат Исаев бир айга УКМКнын тергөө абагына камалды.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн