Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Майыптыгы бар кызды зордуктоого айыпталгандарды кое берген соттор түшүндүрмө беришти

15.07.2022 14:52
448
Майыптыгы бар кызды зордуктоого айыпталгандарды кое берген соттор түшүндүрмө беришти


Сокулук районунда майыптыгы бар 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки адамды эркиндикке кое берген судьялар бүгүн, 15-июлда маалымат жыйынын өткөрүштү.

Алар "жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталгандар акталды" деген маалыматтарды четке кагышты. Айыптуулардын ар бирин жабырлануучуга 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген токтом кабыл алынып, иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу эркиндикке кое берилгенин айтышкан.

13 жаштагы, майыптыгы бар кызды зордуктоого алты адам шек саналган. Алардын ичинен төртөө соттук териштирүү башталган учурда 14кө толо элек болгондуктан, иште күбө катары өтүшкөн. Экөө 16 жашта болгону үчүн соттолгон.

Бишкек шаардык сотунун судьясы Нурлан Кожомбердиев иш 1997-жылкы Кылмыш кодекси менен каралганын, анда ушундай жумшартуучу беренелер болгонун айтты. Судья иш жабык каралгандыктан, жараян тууралуу коомго ачык жарыялоого укугу жоктугун кошумчалады.

13 жаштагы, майыптыгы бар кыздын зордукталышы боюнча сот алгач Сокулук районунда, анан Чүй облусунда, Жогорку сотто жана Бишкек шаардык сотунда дээрлик жети жыл каралган.

Сокулук райондук соту айыптууларды сегиз жылдан эркинен ажыратып, бирок мунапыстын негизинде жазасын жеңилдеткен. Чүй облустук соту чечимди күчүндө калтырган. Жогорку сот ишти кайра кароону Бишкек шаардык сотуна жиберген.

14-июлда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы 3-июлда айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен (тогуз жыл) жаза чегерген эмес. Шаардык сот жашы жете электерге кылмыштын эскирүү мөөнөтүнүн жарымы гана колдонуларын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн