Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 06:44
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Майлуу-Сууда уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча 23 млн долларлык келишимге кол коюлду

17.05.2023 14:05
376
Майлуу-Сууда уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча 23 млн долларлык келишимге кол коюлду

Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча гранттык келишимге кол коюлду.


ӨКМден билдиришкендей, гранттык келишимге 16-майда Өзбекстандын Самарканд шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Башкаруучу кеңешинин кезектеги жылдык отурумунда кол коюлду.


Каражат "КР Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктарын рекультивациялоо" долбоорунун алкагында бөлүнөт, анын суммасы 23 млн еврону түзмөкчү.


Келишимге өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Ядердик коопсуздук департаментинин директору Бальтазар Линдауэр кол коюшту.


Белгилей кетсек, долбоордун алкагында 16 уран калдыктарын зыянсыздандыруу, 4 уран калдыктарын сактаган жайды коопсуз жерге көчүрүү жана уран өндүргөн мурдагы ишкананын эски имараттарынын бузуп зыянсыздандыруу каралган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн