Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 14:09
USD
86.60
87.10
EUR
95.10
96.10
RUB
0.985
1.045

Маймыл чечеги биринчи жолу Азиядагы өлкөдө катталды

25.05.2022 08:49
1322
Маймыл чечеги биринчи жолу Азиядагы өлкөдө катталды

24-май күнү Бириккен Араб Эмиратынын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө маймыл чечеги инфекциясынын алгачкы учуру катталганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.


Маалыматка ылайык, маймыл чечеги аныкталган 29 жаштагы БАЭнин жараны Батыш Африка өлкөсүнөн келген.

Ал карантинге алынып, дарыгерлер тарабынан тиешелүү кызматтар көрсөтүлүп жатканы айтылат.


Муну менен БАЭ Азиядагы маймыл чечеги катталган алгачкы өлкө болуп калды.


Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму буга чейин маймыл чечегинин 100дөн ашык учуру катталганын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн