Дүйнөдө маймыл чечеги инфекциясынын 24 миңден ашык учуру катталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирди.
Белгилүү болгондой, эң көп учур Америкада катталган. Мындан улам, Калифорния, Нью-Йорк жана Иллинойс штатында өзгөчө кырдаалдар режими жарыяланды.
АКШда маймыл чечеги инфекциясынын 6 миң 600дөн ашуун учуру катталды.
Ал эми Австралия болсо, инфекциянын жайылышына бөгөт коюу максатында 450 миң доза вакцина алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн