Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча майнинг тармагынан түшкөн салык 33 миллион 783,2 миң сомду түздү. Бул маалыматтарды Финансы министрлиги берет.
Салыктын бул түрү боюнча төлөмдөр жылдын экинчи кварталында тез өсө баштаган. Бул аралыкта бюджетке 27 миллион 125,8 миң сом же бардык төлөмдөрдүн 80 пайызы түшкөн.
Мында түшүүлөрдүн эң көп көлөмү июнь айында белгиленген – 10 млн 544,3 миң сом. Эң аз майнинг салыгы 2023-жылдын февраль айында төлөнгөн — 738 миң сом.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн