Бугу 14, 2024
Убакыт: 21:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Медер Алиев: Саясатчылар өзүнүн укугун коргоп алат, биз көбүрөөк эч кандай колдоосу жок укугу тепселген карапайым адамдардын маселесин карашыбыз керек

08.06.2022 14:34
1613
Медер Алиев: Саясатчылар өзүнүн укугун коргоп алат, биз көбүрөөк эч кандай колдоосу жок укугу тепселген карапайым адамдардын маселесин карашыбыз керек

Биз адам укугу тууралуу качан гана бир саясатчы же чиновник жоопко тартылып жатканда сүйлөп калабыз. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.


Анын айтымында, депутаттар "чоңдордун" эмес укугу бузулган  карапайым элдин үнүн угуш керек.


"Биз адам укугу тууралуу качан гана бир саясатчы же чиновник жоопко тартылып жатканда сүйлөп калабыз. Саясатчылар өзүнүн укугун коргоп алат. Алардын акчасы бар, колдой турган адамдарыбар. Ошол эле учурда  миңдеген, жүз миңдеген карапайым адамдардын укугу тепселенип жатат. Алар тууралуу эмнеге унчукпайбыз?

Биз көбүрөөк эч кандай колдоосу жок, акчасы жок укугу бузулган адамдарга көңүл бурушубуз керек",- деди депутат Алиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн