Бугу 10, 2024
Убакыт: 08:26
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Медербек Алиев, ЖК депутаты: “Ата-энелерин карабай койгон балдарга жазалоо ыкмасын табалы”

17.10.2023 09:25
1259
Медербек Алиев, ЖК депутаты: “Ата-энелерин карабай койгон балдарга жазалоо ыкмасын табалы”


- Медер мырза, сиз ата-энесин багуудан качкан балдардын жазасын күчөтүү жана алардын мамлекеттик кызматта болуусун чектөө боюнча мыйзам долбоорун колдойт экенсиз. Эмне үчүн мындай мыйзам керек деп ойлойсуз?


- Менин пикиримде, эгемендик алгандан бери биздин укук тутумуна эл аралык интервенция кадимкидей кирип, кыргыздын менталитетине, аң-сезимине карама-каршы келген нерселер орун алып калды. Мисалы, балдары ата-энесин карылар үйүнө таштап салат (!) деген качан болду эле? Же кыргыздын кыздары балдарын төрөп, ажатканаларга таштап кетүү акылга сыябы? Же болбосо, атасы акыл-насаат айтса, баласы “өзүм билем, менин жашоомо кийлигишпе!” деп сотко бергени мурда болгон эмес да. Биз эч качан өзүбүздүн кыргыз экенибизди унутпашыбыз керек. Ли Куан Ю: “Ар бир коом, мамлекет өзүнүн демократиялык моделин, басып өткөн тарыхый жолун менталитетин эске алуу менен гана кура алат” деп абдан туура айткан. Биз Батыштан, же башка жактан жакшы иштеген моделди алып эле “кыргыздарга да туура келет” дейбиз. А чындыгында туура келбей калат. Ошон үчүн мен ойлойм, ата-эне – бул ыйык. Ал жакшыбы, жаман адам болобу, ата-энени сыйлап, камкордукту көрүү – бул балдардын ыйык милдети.


- Албетте, мыйзамдын концепциясына баары эле макул болот болуш керек. Бирок, талаш туудурган айрым деталдары бар окшойт.


- Аларды экинчи окууда караштырабыз. Бирок, мамлекет ата-энелерин карабай таштап кеткендерге кандайдыр бир жазалоо ыкмасын таап, колдонушу керек.


- Кандай деп ойлойсуз, мыйзам ишке кирсе, натыйжа болобу?


- Менимче, болот. Албетте, таптакыр эле элбезер, Кудайдан жөө качкан балдар да бар эмеспи. Чет өлкөлөргө качып кетип, аларга мыйзам жайылтылбай калышы мүмкүн. Бирок, жалпы жонунан натыйжа берет го деп ойлойм. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн