- Медер мырза, сиз жаңыдан курулуп жаткан үйлөрдүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча комиссиянын мүчөсү катары өзгөчө пикириңиз бар экенин айттыңыз. Ал кандай пикир?
- Негизи, бул комиссия өкмөттүн чечими менен түзүлгөн. Эмне үчүн? Жанагы Түркиядагы жер титирөө болгондон кийин “биздеги жаңы салынган үйлөр коопсуздукка жооп береби? Кудай сактасын, эртең бизде да жер титирөө болуп кетсе, жарандарабыз набыт болбойбу? Ошону билели” деген максатты койгон алдына. Акыркы 10-15 жылда жаңы үйлөр козукарындай эле жайнап кетти да. Шаар жайылган бир айылга айланып баратат. Туура, курулуш жүрүшү керек, бирок анын өзүнүн кандайдыр бир талаптары сакталууга тийиш. Анан ошол комиссиянын алкагында изилдөө материалдарын көрүп атып, мен көп нерселерди таптым. Бишкекте уруксат берилчү эмес жерлерге да бүт куруп ташташыптыр. Канализация, электр, суу түтүктөрү ошол салмакты көтөрө алабы, көтөрө албайбы, ага карабай эле кура беришкен. Кудай сактасын, өрт чыгып кетсе, көп элиталык үйлөргө өрт өчүрүүчү машина кире албайт. Ошондуктан, жок дегенде мындан кийин курула тургандарынын мыйзамдуулугун караш керек. Бирок, адилеттүүлүк үчүн айтып коёлу, таза, мыйзамдуу иштеген, салык төлөгөн курулуш компаниялары да жок эмес.
- Таза иштегендер да бар деп атпайсызбы? Алар 40 эле пайызды түзөбү?
- Менин баамымда, тилекке каршы, акыркы 10-15 жылда биздеги уруксат берүүчү мамлекеттик органдар аябай коррупциялашып кеткен. Бу жаңылык деле эмес. Канчасына иш козголду, канчасы соттолду?.. Болбой эле акчасын алып, “мына бул жерге кура бер” деп эле уруксат бере берет экен. Жапайы капитализмде өскөн акчалуу киши элдин коопсуздугун, ден соолугун акыркы орунда ойлойт тура. Эптеп эле үйүн куруп, сатып ийсе. А жыйынтыгында эмне болот?
- Быйыл шаарда суу таңкыстыгы байкалып, сууну пайдалануу боюнча айрым чектөөлөр да кирди. Кээ бир адистер суунун таңкыстыгын дал ошол көп кабаттуу жаңы үйлөрдүн көбөйүшү менен байланыштырып жатышат. Сиз кандай деп ойлойсуз?
- Бул боюнча менин так маалыматым жок, андыктан айта албайм. Изилдеп көрөйүн. Бирок, мурда шаарды суу, канализация менен камсыздап жатканда “кийин мынча үй курулат” деп эске алган эмес да. Шаардын генпланы бар. Мисалы, бир райондо мынча үй, мектеп, ага жараша машина токтой турган, балдар ойной турган аянтчалар болушу керек. Бирок, тегерек-четке бүт эле курулуп атат го? Ал жерге курганга болобу-болбойбу, кырсык катталса өрт өчүргүч машина батабы-батпайбы – алар эске алынбай жатат. “Ишмердүүлүгү күмөн жараткан курулуш компанияларынын баарынын тизмесин текшерип көрүңүздөр” деп прокуратурага, УКМКга берем. Себеби, бул маселе жеке Медербек Алиев менен курулуш компанияларынын талаш-тартышы эмес. Бул жалпы жарандардын өмүрүнө, коопсуздугуна, ден соолугуна байланыштуу маселе. Ошон үчүн сөзсүз түрдө текшериш керек.
- Эң негизгиси, ал үйлөрдүн жер титирөөлөргө чыдамдуулугу канчалык? Акыркы кездерде цементтин, арматуранын сапаты начардыгы тууралуу көп айтылып жатат...
- Жакында комиссия толук корутундусун чыгарат, ошону күтө туралы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн