Бүгүн, 28-декабрда Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын Медербек Саккараевди депутат кылып каттоодон баш тарткан токтомун жокко чыгарды. Бул тууралуу "Кактус.медиа" билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй-Кемин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Саккараевди Бишкек шаардык Административдик соту депутат катары каттоодон баш тарткан.
Борбордук шайлоо комиссиясы Саккараевдин казак жарандыгы бар деп күмөн санаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн