Медет Букуев Садыр Жапаровдун кандайча устаты, насаатчысы, жакын адамы болуп калганын айтып берди.
- Медет ага, сиз Садыр Жапаровду канчалык деңгээлде билесиз, кантип таанышкансыз?
- Турмуш өзү кызык экен. Анын ой-кыры көп болот тура. Алдыдагы жашооңдун баары табышмак. Эртең кандай күн келет, эч ким билбейт. Биздин учурдагы “мен эркек” дегендин баары топ тээп чоңойгон. Топтун аркасы менен дене тарбия жана спорт академиясынын футбол кафедрасына тапшырып, аны ийгиликтүү аяктагандан кийин Москвада аспирантураны бүтүрүп келип, футбол кафедрасында 1988-жылы кайра ишимди улантып калган кезде Садыр Нургожоевич абитуриент болуп келип, көптөрдүн арасында өзүнүн идиреги, чапчаңдыгы, дилгирлиги, ынтызарлыгы менен көзгө илинип калды. Ошол студенттердин куратору да элем, Садыр Нургожоевич менен кыска убакыттын ичинде ымалабыз түзүлүп калды. 1-курсту бүтүп, армияга кетти. Андан келип окуусун улантуу менен бизнес чөйрөсүнө бет алды. Мен да жумуш котордум. Ал ортодо Орус-Славян университетинин юриспруденция факультетин аяктап, ошол жерде иштеп калдым. Турмуштун кызыгын көрбөйсүздөрбү, арадан бир нече жыл өтүп, кийин өзү издеп тапты, экинчи окуу жайда окушуна себепкер болуп калдым. Ошондон бери турмуш жолубуз бирге болуп келатат. Ысыгын, суугун, өйдө-ылдыйын, жашоонун жаман-жакшысынын баарына тузубуз бирге болуп келаткан кез. Экөөбүздүн мамиле түзгөнүбүзгө быйыл 30 жыл толот. Ал ортодо биз бир калыпта тарбиячылык, педагогдук кесибибизди улантып аттык. Ал эми ажобуздун башынан эмнелер гана өткөн жок?! Кандайдыр бир деңгээлде (мактаныч эмес) өзгөчө оор күндөрүндө, турмуштун кыйын сыноолорун өткөзүп аткан кезде жанында болдум. Бул инсандын элге байкалбаган, билинбеген, адамдын жеке сапаттарынын ичинде өтө жөнөкөйлүк, айкөлдүк, пендеде жок боорукерлик, эң негизгиси, кайраттуулугу, чыдамдуулугу, көрөгөчтүгү, өжөрлүгү, баардык жанга бериле бербеген ички туюу сезиминин күчтүүлүгү бүгүнкү күндө президенттик тактыга апкелди го...
- “Турмуштун кыйын сыноолорун өткөзүп” деп кеттиңиз, түрмөдөгү күндөрүн айттыңыз көрүнөт. Ошол мезгилге бир аз токтоло кетсеңиз?..
- Адам эркинен ажыраганда адамдык сапаттары толук билинет экен. Көпчүлүгү мүңкүрөп, өзүн таштап койсо, көпчүлүгү жашоодон үмүтүн үзүп коюшат. Мен ага ат тезегин кургатпай барып калган кезде көпкө сүйлөшүп отуруп калчубуз. Ошондо “байке, эчтеке эмес, бул күндөр да өтөт. Муну да жеңебиз, Кыргызстанды көтөрүп чыгабыз. Мамлекетти алдыга сүрөп чыга тургандардын башында болобуз” десе, тамаша, өзүн-өзү жооткотуу катары кабыл алчумун. Көрсө, ошондо өзүнө даяр экен. Жараткандын берген сезими менен айтчу тура. Садыр Нургожоевич отурган колонияда 1300дөн ашык эркинен ажыратылгандар бар эле. Көпчүлүгү жазыксыз жерден баргандар. Дүкөнгө кире калып, бир бөтөлкө ичкилик ала коём деп жанындагы экөөнү капыстан сындырып алып, ошонун айынан 2-3 жылга кесилип кеткендер же күнөөнү кыстап моюнга алдырып койгондор өтө көп экенин кеп кылып, алардын жашоодон үмүттөрү жок калганын айтып, ошол жерде өзүн эле ойлобой, бүткүл колонияда отургандардын тагдырына кабатырланып, жашоодон үмүт үздүрбөш үчүн ошол жерге сырттагы бизге окшогон жоро-жолдоштордун күчү менен мечит салдырган. Бош жаткан жерди тегиздетип, газон себишип, футболдук талаа кылышыптыр. Мен барган кезде сөзсүз түрдө көпчүлүк чогулткан футболдук топ, ар бир командага өз-өзүнчө бут кийиминен баштап футболкаларын алпарат элем. Көрсө, өзү баш болуп үлгү көрсөтүп, 30дан ашуун команда түзүп, эрте жаздан кеч күзгө чейин чемпионат уюштуруп, жанагы жашоонун оорчулугун унуткартып, ынтымак, бири-бирине көмөктөшүү, боор тартуу сезимин курчутуу, жашоо түгөнбөгөндүгүн билдирген ошондогу адамдык сапат бүгүнкү күндө да көрүнүп атпайбы...
- Кечээки кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган “Достук кубогу” мелдеши максатына жеттиби? Окуучуңуз Садыр Нургожоевичтин ойногону купулуңузга толдубу?
- Ойногону купулума толду, мелдеш максатына жетти. Оюндун жүрүшүнө көпчүлүк күбө болду. Коомчулуктун жалпы пикири жакшы маанай жаратты. Садыр Нургожоевич мелдештин башынан аягына чейин чаалыкпастан ойноп, ар бир команда менен болгон тирешүүдө жакшы оюн көргөзө алды. Жадагалса атаандаштардын дарбазасына 9 топ киргизип, бомбардир аталды. Мелдештин аягында баардык эле топ тепкичтер “биз президент менен жан дилибизден ойноп, эч бир көз жаздымда кошоматчылык кылууну же а киши топ менен келатса жол ачып берүү аракетинен алыс болдук. Чын ыкласыбыздан рахат алдык” дешти.
- Медет ага, парламенттик шайлоого аттанар алдында Садыр Нургожоевич менен кеңештиңизби?
- Чын-чынында, парламенттик шайлоого баруу жеке өзүмдүн демилгем болгону менен бир ооз Садыр Нургожоевич менен кеңештим, сөздүн ачыгы. Парламенттик шайлоонун ашканасын толук билүү жана өз күчүмдү сынап көрүү мен үчүн аябай кызык болду. Албетте, парламенттик шайлоо учурунда ажобуздун “болуп көрбөгөндөй таза шайлоо өткөрөм” дегени чоң жоопкерчилик эле. Мындай жоопкерчиликтен жаза тайып, кара күч колдонуу менен парламентке келсем болмок. Анткен менен уят деген улуу касиет бар. Абийир кечирбейт. Жакын адамымдын айтканын эгер мен колдобосом, анан ким колдойт? Шайлоо десе эле акча, админресурс жана элде калган тескери элестер бул шайлоодо оң жагына кайсы бир деңгээлде бурулду окшойт.
- “Медет Букуев президенттин жакын адамы экен. Жогорку окуу жайлардын ректорлорун тырыштырып атыптыр” деген коомчулукта кеп тарады. Чын эле “кууруп жеп” атасызбы?
- Ушу жерден сөздүн кыйбаты келип калды, айтпасам болбойт. ЖОЖдор эле эмес, Акүйдүн баарын титиретип аткан киши болуп чыктым. Жарнаманын оңу-солу дебей, баары бир өз ишин аткарат экен. Гезиттин бир санында сонун коллаж менен макалаңыздар чыкты. Мага ушундай реклама кылып бердиңиздер. Өмүрүмдө тааныбагандар келип учурашат да, “баарын титиретип аткан сиз экенсиз” дешти (күлүп). Бир чети күлкүң келет. Бир чети аксарай оюндары болот экен. Бизге чейин деле болуп келген. Интрига деген ушу тура, аралашкың келбесе да аралаштырып коюш бат эле. Бу жерден чычалап, баса калып, “мен андай эмесмин” деш болбогон иш. Жараткандын алдында турабыз, Жараткан өзү тараза. Пайгамбар жашынан өтүп калган адаммын... Бир учурда, Садыр Нургожоевич темир тор артында жүргөндө мени жумуштан кысып, жумушсуз калып, айла жоктон түнкү күзөт ишине орношуп, арзыбаган айлык алган күндөрүм болгон. Ректорлордон арам акча алып, тескери иштерди жасаган болсом, балдарымдын жүзүн кантип карайм? Алар элдин жүзүн кантип карашат? Азыр ажонун жанында жүрүү кандай бакыт, эмне деген сыймык жана жогорку жоопкерчилик эмеспи?! “Колуң узарып отуруп айга жетсе да, бутуң жерден үзүлбөсүн” деп ар дайым айтып келем. Кандай күндөрдү өткөргөнүңдү унутпасаң, анда бул дүйнөдө татыктуусуң, сапатың бар, эл алдында жүзүң жарык.
- Тар чөйрөдө “парламенттик шайлоодо жеңип келем, керек болсо спикер болом” депсиз...
- Спикерлик боюнча, жакын эле жүрүп, алдыртан кайраштырып, аксатууну көздөгөн арамдарга карата жооп катары тамаша-чын иретинде айтылган кеп болчу. “Душманды алыстан издебе”, бирөө “ушу мүдүрүлүп кетсе жакшы болот эле, кол чапмакмын” дейт. Атайын тийиштирип туруп, “мен эмне үчүн спикер боло албайм?” деп айткан жайым бар. Эгерде чабышка чыксаң, маранын жеткен чеги спикерлик да. Билимим, деңгээлим, тажрыйбам жетиштүү. Эң негизгиси, шайлоонун үгүт иштеринде эл аралап жүргөнүмдө ар кандай оор суроолорду беришти, ошолордун баарын көрүп туруп, дагы бир жолу “уюткулуу элибиз калыс тура” деп ынанат экенсиң. Шайлоо учурунда жашымдын өтүп калганына карабай өзүмө пайдалуу нерселерди ала алдым. Элибиз татыктуу жашоого милдеттүү. Бекеринен шайлоого аттанбаптырмын, эч качан өкүнбөйм.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн