Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелип Санжар Сапарбеков кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-январга чейин №1 тергөө абагына киргизилди. Кылмыш ишти ИИМдин тергөө кызматы иликтеп жатат.
Медет Садыркулов Бакиевдин бийлиги учурунда президенттик администрацияны жетектеген.
Ал эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов менен бирге 2009-жылы 13-мартта каза болгон. Бийлик алардын өлүмүн автокырсык менен байланыштырган. Кийиин бул иштин башында Бакиевдер турганы айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн