Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 19:10
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Медиктердин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

11.09.2020 11:10
917
Медиктердин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү


Саламаттык сактоо министрлиги медиктердин кезектеги тобун Ысык-Көлгө эс алууга жиберди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 10-сентябрда 186 кишиден турган медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу эс алып, ден соолугун чыңдоо үчүн Ысык-Көлгө жөнөп кетишти.

Алардын арасында Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерде, илдеттин очогунда иштеген дарыгерлер, мээрмандар, техникалык эмгек жамааттын өкүлдөрү жана ыкчам медициналык жардам көрсөтүү кызматкерлери бар.

Медицина кызматкерлеринин бул тобу Ысык-Көлдөгү “Эне Сай” пансионатында эс алышмакчы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн