Медиктердин жана күч түзүмдөрүнүн май айы үчүн айлык акылары толук каржыланды. Бул тууралуу финансы министринин орун басары М.Амандыков 15-июнда брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, коронавируска каршы күрөшкө тартылган медиктерге март, апрель жана май айлары үчүн кошумча төлөмдөр берилген.
"Бүгүнкү күндө дээрлик 700 млн сом суммасында кошумча каражат издөө маселеси турат, бул маселе Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иштелүүдө. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери боюнча, учурда тизмелер такталып жана эсептер даярдалып жатат, өкмөттүн чечиминен кийин Финансы министрлиги тарабынан каражаттар бөлүнөт», - деп билдирди М.Амандыков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн