Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 02:11
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Медициналык мекемелер вирусту алдын алууга толук жоопкер болот

22.05.2020 14:48
908
Медициналык мекемелер вирусту алдын алууга толук жоопкер болот


Өлкөдөгү бардык медициналык мекемелер COVID-19 дартынын алдын алуу талаптарына толугу менен жооп берүүсү кажет. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.


«Тилекке каршы, медициналык мекемелерде ооруну жугузуп алуу учурлары катталып жатат. Бул фактылар кооптондурууда. Медициналык мекемелер коопсуздук талаптарына жооп бериши кажет, бизде мамлекеттик, же жеке мекемелерде оору катталган учурлар орун алууда. Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери аталган маселеге өзгөчө көңүл буруусу зарыл», - деди Кубатбек Боронов. 


Ал белгилегендей, өнөкөт оорулары бар бейтаптар дарыланууда жаткан балдар жана башка бөлүмдөр, төрөт үйлөрү тийиштүү жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалышы керек. Эпидемиологиялык иликтөөлөр борбору инфекция жуктуруп алуу учурларын сапаттуу иликтеп чыгуусу маанилүү.

 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев белгилегендей, Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндөгү абал өзгөчө көзөмөлдө турат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн