Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова катуу ооруп реанимацияга түштү. Бул тууралуу анын уулу Кубаныч Аманбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, эл өкүлү Бишкек шаарындагы стационарлардын биринде жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды.
Белгилей кетсек, Жылдыз Мусабекова өз алдынча баса албай, элдик ыктыярчылар тобунан келип медициналык жардам берип коюусун суранган болчу.
Пикирлер (2)