Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында күмүш медаль утту

21.04.2022 17:23
788
Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында күмүш медаль утту

Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг салмактагы Мээрим Жуманазарова күмүш медаль алды.


Кыз-келиндер күрөшү айлампа системасы менен өтүп, 68 кг салмактагы Мээрим Жуманазарова алгачкы айлампада казакстандык Мадина Бакбергенованы 5:0 эсебинде, экинчи айлампада кореялык Сужин Пакты 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алган. Андан соң жарым финалдык айлампада монголиялык Дилгерма Инцсайцанды 7:2 эсебинде жеңип, финалга өткөн.


Финалда ал биринчи айлампадагы атаандашы Мадина Бакбергеновага кайра бет келип, ага 3:2 эсебинде алдырып жиберип, күмүш медаль тагынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн