Бугу 14, 2024
Убакыт: 05:40
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турат

08.04.2022 08:48
844
Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турат

Дүйнө чемпиону  Мээрим Жуманазарова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) рейтингинде өз категориясында — 68 килограмм салмакта биринчи орунду сактап калды.


Жаңы рейтинг Венгрияда өткөн Европа чемпионатынын жыйынтыгынан кийин чыгарылган. 68 килограмм салмактагылар арасында молдовалык Ирина Рынгач Европанын чемпиону болгон. Муну менен ал 10 миң упай топтоп, 18-орунга көтөрүлгөн.


Жуманазарова рейтингдин сап башына март айында чыккан, ага чейин экинчи катарда турган. Алдынкы сапка Түркиядагы эл аралык Yasar Dogu турниринде күмүш байге алгандан кийин чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн