Бугу 09, 2024
Убакыт: 22:46
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Мээрим Жуманазарова эл аралык мелдеште коло байге утту

25.02.2023 09:32
248
Мээрим Жуманазарова эл аралык мелдеште коло байге утту

Кыргызстандык спортчулар Мээрим Жуманазарова  Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде коло медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.


Эки спортчу кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышты. Балбандар алгачкы кармаштарын ийгиликтүү баштаганы менен финалга чыга алышкан жок. Коло үчүн кармашта Жуманазарова (68 кг) америкалык Александрия Юнис Глодду 2:1 эсебинде жеңди.


Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.


Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова алтын, грек-рим күрөшү боюнча Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) коло медаль уткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн