Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 19:38
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Мээримбек Усубалиев Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болду

17.08.2020 10:47
1737
Мээримбек Усубалиев Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болду


Мээримбек Мадииевич Усубалиев Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.  Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда,  шайлоо 14-августта өтүп, ага эки талапкер – Тюльпан Джунусовна Дүйшөнбаева жана  Мээримбек Мадииевич Усубалиев катталган.

Кажы-Сай айыл өкмөтүндө бардыгы 11 айылдык кеңештин депутаты болсо, шайлоого алардын 10у катышты. Тоң территориялык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколу боюнча, талапкер М.М. Усубалиев депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон.

Ошентип, Мээримбек Усубалиев Тоң районундагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн