Бугу 15, 2024
Убакыт: 09:31
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

MegaCom "Алтын сертификат" алган абитуриенттерге жылдык акысыз байланыш тартуулады

13.08.2020 15:42
1951
MegaCom "Алтын сертификат" алган абитуриенттерге жылдык акысыз байланыш тартуулады


Бүгүн, 13-августта "Алтын сертификатка" ээ болгон абитуриенттер MegaCom компаниясынын баалуу белектери менен сыйланды.


"Альфа Телеком" ЖАКнын директору Акылбек Жамангуловдун демилгеси менен ЖРТда эң мыкты көрсөткүчкө жеткен 53 мыкты бүтүрүүчүгө VIP сувенирлер топтому тапшырылды.


Мындан тышкары, MegaCom компаниясынан аларга түйүн ичинде бир жылга чейин акысыз баарлашууга мүмкүнчүлүк түзгөн сертификаттар ыйгарылды. Тастыктамаларды тапшыруу аземине Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы алдыңкы бүтүрүүчүлөр чакырылган.


Белгилей кетсек, буга чейин ушундай эле белектер Ош шаарындагы 12 "алтын сертификат" ээлерине тапшырылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн