Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

«Мегакомду» сатуунун зарылчылыгы барбы?

14.07.2021 11:28
1374
«Мегакомду» сатуунун зарылчылыгы барбы?


Кыргызстандын министрлер кабинети бир катар мамлекеттик ишканалардын үлүштөрүн менчиктештирүү боюнча маселени парламенттин кароосуна жөнөткөнүн депутат Дастан Бекешев өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты. Ал мамлекеттик ишканалардын катарында «Мегаком» компаниясынын 100 пайыз акциясы дагы бар экенин билдирди.


Ырас, бул компанияны жеке менчикке сатуу демилгеси бүгүн эле көтөрүлө калган маселе эмес. Буга чейин да мындай аракеттер жасалган. Алсак, 2017-жылы Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун жетекчилиги «Мегаком» уюлдук компаниясын сатуунун бир нече жүйөөлөрүн келтирген эле. Маселен, дүйнөдө уюлдук операторлордун наркынын түшүп жатышы, уюлдук байланыш тармагындагы атаандаштыктын күчтүүлүгү жана жабдууларды жаңылоо үчүн ири суммадагы инвестицияга муктаждык сыяктуу жүйөөлөрдү келтиришкен. Эми бул жүйөөлөргө акыркы жылдарда «Мегаком» компаниясынын кирешеси мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла азайып бара жатканы кошулду.


Компания 2013-жылы жылдык кирешеси 8 миллиард 102 миллион сом болуп, эң жогорку көрсөткүчкө жеткен. Ал эми 2012-жылы 7 миллиард 690 миң, 2011-жылы 6 миллиард 910 миң, 2010-жылы 5 миллиард 830 миң сом болгон. Ал эми мамлекетке төлөгөн  салыктарынын суммасы – 2013-жылы бюджетке 1 миллиард 882 миллион, 2012-жылы 1 миллиард 528 миллион, 2011-жылы 1 миллиард 303 миллион, 2010-жылы 761 миллион сом болгон. 2009-2013-жылга чейинки компаниянын тапкан кирешесинен мамлекетке дивиденд катары эң ири суммада 2 миллиард 875 миллион сом түшкөн.


Ал эми 2020-жылдын 10 айы үчүн «Мегаком» компаниясынан салык 193,8 миллион сом гана болуп калган. Башкача айтканда, мурдагы жылдарга салыштырмалуу салыктын көлөмү кыйла азайган. Ырасын айтканда, 2016-жылдан тарта «Мегакомдун» мамлекетке төлөмдөрүнүн өлчөмү төмөндөй баштаган. Мисалы, 2016-жылы 978,8 миллион, 2017-жылы 1 миллиард 126,3 миллион, 2018-жылы 1 миллиард 66,7 миллион, 2019-жылы 1 миллиард 210,5 миллион. Бирок, бул цифралар деле 2020-жылга салыштырмалуу кыйла көлөмдүү экени көрүнүп турат.


Ал эми 2010-жылдан 2013-жылды кошо эсептегендеги көрсөткүчтөр тескерисинче жылына компаниянын кирешеси дагы, мамлекетке төлөгөн салыгы дагы көбөйүп жүрүп отурганын көрсөтүп турат. Мына ушунун өзү компанияны мамлекет өзү деле замандын талабына ылайыктап, атаандаштыкка туруштук бере ала тургандай иштетсе боло турганын далилдейт. Компания өзү таап жаткан кирешесинин эсебинен жабдууларын улам жаңылап, улам башка уюлдук компаниялар менен күчтүү атаандаш боло ала тургандай шарттарын түзүп отурса болбойбу? Андай кылыш үчүн сөзсүз түрдө эле жеке менчик колго өткөрүү керекпи? Компания жеке менчик колго өтсө, демек андан түшкөн киреше жеке адамдын чөнтөгүнө түшөт. Мамлекетке болгону салыгы жана башка милдеттүү төлөмдөрү гана төлөнөт. Ошондо мамлекет таза кирешесинен, алып турчу дивидендден айрылат.


Ырас, жеке менчик компаниялар мамлекеттик компанияларга салыштырмалуу кыйла атаандаштыкка туруштук бере ала тургандай иштейт. Бирок, ошондой эле маанайдагы ишмердүүлүктү мамлекеттик компания болуп туруп деле жүргүзсө эмнеге болбосун? Болгону компания жетекчилигине мыкты менеджер дайындап, шык-дем берип тура тургандай шарттарды түзүп, ошол эле убакта тыкыр көзөмөл да жасоо жетиштүү болот. Ал эми «Компания жылдан-жылга кирешеси азайып баратат» деген шылтоо менен менчиктештирүүгө берип жиберүү - бул жөн гана жоопкерчиликтен кутулуу аракети болуп калат. Же бул жаңылыш ойбу?


Сагынбек Сатыкеев

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн