Бугу 21, 2024
Убакыт: 04:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Меган Маркл 39 жашта. Падышалык үй-бүлөнүн келини тууралуу кызыктуу фактылар

04.08.2020 19:14
841
Меган Маркл 39 жашта. Падышалык үй-бүлөнүн келини тууралуу кызыктуу фактылар


Уулу Британиянын ханзадасы Гарринин жубайы Меган Маркл 39 жашта. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги падышалык үй-бүлөгө келин болгон актриса тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.


1) Меган Маркл 1981-жылдын 4-августунда Лос-Анжелес шаарында төрөлүп, өскөн; 


2) Калифорния университетинде билим алып,  эки адистиктин ээси болгон. Бири театралдык искусство, экинчиси эл аралык мамилелер факультети;


3) Ал модель болуп дагы иштеп, бир нече тасмаларда роль жараткан; 


4) Меган Маркл "90210: Новое поколение", "Обман", "Апостолы", "Хорошее поведение" сыяктуу 30га чукул тасмада роль жараткан. Ага атак-даңкты "Форс-мажоры" аттуу юридикалык комедиясы алып келген;


5) Меган Маркл Тревер Энгельсон аттуу кинопродюсерге турмушка чыгып, эки жылдан кийин расмий түрдө ажырашып кетишкен; 


6) 2017-жылдан тарта Маркл актрисалык карьерасына чекит койгон;


7) 2018-жылдын май айында Виндзор хан сарайында Ханзаада Гарриге турмушка чыккан. Ошондон тарта Меган Маркл Сассекс герцогинясы аталган. 


8) Ханзаадага турмушка чыгып жатканда Меган мурдагы актриса жарандыгынан жана туткан дининен баш тарткан;


9) 2019-жылдын 6-майында Меган Маркл уул төрөп, Елизавета II сегизинчи чөбөрөлүү болгон. Ага Арчи Харрисон Маунтбеттен-Виндзор ысымы ыйгарылган; 


10)  Ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл 2020-жылдын 8-январында падышалык үй-бүлөдөгү ыйгарым укуктарынан баш тартууну чечишкен; 


11) Падышалык укуктардын баарынан баш тарткан жубайлар март айынын соңунда Лос-Анжелес шаарына көчүп кетишкен. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн