Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мектеп окуучуларынын чейректик эс алуулары белгилүү болду

25.08.2022 12:03
474
Мектеп окуучуларынын чейректик эс алуулары белгилүү болду

Жалпы билим берүү уюмдарында 2022-2023-окуу жылы сабактар 1-сентябрында башталып, 25-майда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, сабактын узактыгы 1-класста - 40 минутаны, 2-11-класстарда - 45 минутаны түзөт.


1-2-класстарда окуучулардын ийгилигин баалоо белги койбостон сапаттык жана сыпаттоо ыкмалары колдонулат.


Бардык предметтер боюнча үй тапшырмалардын көлөмү аны аткарууга 2-3-класстарда - 1,5 саат, 4-5-класстарда - 2 саат, 6-8-класстарда – 2,5 саат, 9-11-класстарда – 3,5 саатка чейин болушу керек.


Каникулдардын графиги:


күзгү – 2022-жылдын 31-октябрынан 6-ноябрга чейин;


кышкы - 2022-жылдын 30-декабрынан 2023-жылдын 10-январына чейин;


жазгы - 2023-жылдын 20-29-марты.


Биринчи класстардын окуучулары үчүн каникул күндөрү III чейректе кошумча бир жумага узартылат.


Окуу процесси жүрүп жаткан кезде окуучуларды айыл-чарба иштерине тартууга тыюу салынат.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн