Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 13:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Мектепке салттуу түрдө бара баштаган окуучуларга коопсуздук чаралары жандандырылды

18.01.2021 10:21
528
Мектепке салттуу түрдө бара баштаган окуучуларга коопсуздук чаралары жандандырылды

Билим берүү мекемелеринде балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар жандандырылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, ЖККББнын башкармалык жана бөлүмдөрүнүн өздүк курамы жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда жол кырсыктарын болтурбоо жана алдын алууга багытталган комплекстик иш-чараларды башташты.


Бул иш-чаранын алкагында кызматкерлер бекитилген мектептерге барып, мектептердин айланасында жол коопсуздугун көзөмөлдөө, мектеп окуучулары менен жолугушуулар жана сабактар өткөрүлүп турат. Жөө жүргүнчү жана унаа ичинде жүргүнчү катары бара жатып кырсыка учураган балдары катышкан жол кырсыктарын азайтуу максатында, билим берүү мекемелеринде оффлайн сабактар башталгандыктан, кызматкерлер мектепке үзгүлтүксүз барып, бекитилген мектептерде ар кандай иш-чараларды өткөрүп жатышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн