Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 14:44
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Мектептер булочка жок ачылбай жатабы?

08.02.2021 15:08
667
Мектептер булочка жок ачылбай жатабы?


Коомчулукта көптөн бери баардык тармак; базар, ресторан, кафе, баня ж.б. тейлөө тармактары ачылып, мектеп, бала бакча эмнеге ачылбайт деген суроого жооп табылбай ата-энелер бушайман? Ал түгүл вирус мектеп менен бала бакчаны гана аңдып турабы, башка жерден жукпайбы дешип нааразы...


Ырасында, онлайн окутуунун айынан балдардын билими төмөндөп, ата-энелер нормалдуу ишке чыга алышпай, көпчүлүк үй-бүлөдө кризис тереңдеп кетти.


Мамлекет дагы кризисте. Бюджетте 40 миллиард сом дефицит. Бийлик экономиканы кантип көтөрүп, эмне кылып тешик казынаны толтурабыз деп алапайларын таппай отурушат. Ошол себептен, баардык тармактан экономдоо, үнөмдөө жүрүп жатат.


Натыйжада, коронвирустун шылтоосу менен, мектептер 4-класска чейинки бир маал бериле турган 1 булочка жана карандай чайга,  бала бакча 3 маал тамагына каражат жок ачылбай жатат. Андыктан, эптеп окуу жылы аяктаганча илдетти шылтоолоп, онлайн окутуп каникулга чыгаралы деген максат өкүм сүрүүдө...


Алмаз Темирбек уулу, журналист


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн